Путин: Евробиримдик жакыр өлкөлөрдү басынтып жатат

РФ президенти Европа биримдигинин деңиз портторунда 300 миң тоннадай жер семирткич топтолуп калганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Самаркандда өтүп жаткан ШКУ саммитинде РФ президенти Владимир Путин Европа биримдиги жакыр жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди басынтып Россиядан жер семирткич сатып алууга тыюу салып жатканын айтты.
Ал Казакстан президентинин "ШКУ дүйнө жүзү менен иштешүүгө даяр" деп айткан сөзүн кубаттап, "уюмдун саясаты кандайдыр бир өзүмчүлдүктөн алыс экенин" айтып, протекционизмдин ыкмаларын колдонбой ачык экономикалык кызматташуу менен иш алып барат" деген пикирин айтты.
Путин Еврокомиссиянын россиялык жер семирткичтерди сатып алуу боюнча чектөөнү алып салганы тууралуу кеп козгоду.
"Санкцияларды алып салуу чечимин биз колдойбуз. Бирок Еврокомиссиянын түшүндүрмөсүнө ылайык, чектөө бирикмеге мүчө мамлекеттер үчүн гана алынып салыптыр. Биздин жер семирткичтерди ошолор эле ала алышат экен. Ал эми өнүгүп келе жаткан, жакыр мамлекеттер эмне кылат? " — деп суроо салды Путин.
РФ президенти ошондой эле саммитке катышкан БУУнун баш катчысынын орун басарына аталган чечимге таасир этүү өтүнүчү менен кайрылды. Анткени Евробиримдиктин деңиз портторунда 300 миң тоннадай жер семирткич топтолуп калган.
"Биз аларды өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бекер бергенге даярбыз", — деди Путин.
Ал, андан сырткары, Россия буудайды дүйнөлүк деңгээлде экспорттоону колго алып, быйыл 30 миллион тонна, кийинки жылы 50 миллион тонна сыртка чыгарууну пландап жатканын кошумчалады,
ШКУ саммитинин күндөлүгү: Москва-Пекиндин тандеми, Монголия кызматташтыгы