Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Ошто мэриянын алдында Баткенге гуманитардык жардам чогултула баштады

Гумжардам боюнча Сонунбек Жунусбаев (0559 850 191) жана Эрлан (0999 929 790) аттуу жооптуу адамдарга чалса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында (мэриянын алды) Баткен элине гуманитардык жардам чогултулуп жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Учурда мэрия менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргелешип борбордук штаб түздү.
"Баткен элине жардам берүүнү каалагандар азык-түлүк, буюмун борбордук аянтка (мэриянын алды) алып келсе болот. Ошондой эле Сонунбек Жунусбаев (0559 850 191) жана Эрлан (0999 929 790) аттуу жооптуу адамдарга чала алышат", — деп жазылат маалыматта.
Бишкекте спорт ордосунда да гуманитардык жардам чогултулууда.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Спорт ордосунда Баткенге гуманитардык жардам чогултула баштады