Радио

Назаралиев: ишкерлер Москва биржасына сомду сатып же сатып алса болот

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев сом — рубль валюталык жубу Москва биржасына чыгарылганын белгиледи.
Sputnik
Москва биржасында сомдун сатыла баштаганы жакшы жөрөлгө. Мындай пикирин Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул Россиядагы ишкерлерге валюта сатып же сатып алууга ыңгайлуу шарт түзөт.
"Биржада валюта сектору маанилүү болуп эсетелет. Анткени ири корпорациялар, банктар, компаниялар бул инструментти колдонот. Коңшу өлкөлөрдүн биржалары алгач валюталык болуп ачылган. Себеби рыноктук экономикага бул эң керектүү инструмент. Кийин баалуу кагаздар сатылып, фондулук биржа болуп калган. Жалпысынан бизнес жүргүзүүдө накталай же накталай эмес акча колдонулат. Кыргызстанда валюта Улуттук банктын курсу менен банктардан алынат. Ал эми башка өлкөлөрдө ири банктар, корпорациялар, компаниялар, жеке ишкерлер валютаны биржадан соодалайт. Анын наркы суроо-талапка жараша көтөрүлүп же түшүп турат. Учурдагы геосаясий абалга байланыштуу Москва биржасы алгачкылардан болуп сом — рубль валюта жубун ачты. Азырынча аларды сатуу, сатып алуу статистикасы өтө төмөн. Анткени бул валюта жубу эми гана иштеп баштады. Кеңири колдонууга чыгышына убакыт керектелет", — деди Назаралиев.
Ошондой эле ал Россияда сомго суроо-талап төмөн экенин айтып, улуттук валютанын ликвиддүүлүгүн жогорулатып туруу зарылдыгын кошумчалады.