БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Лейлекте тажик тараптын кол салуусунан качып бараткан жай тургундардын видеосу жарыяланды.
Кадрдан ондон ашуун аял, балдар жан далбастап, ыйлап чуркап баратканын көрүүгө болот. Аларды тосуп алган киши "машинага отургула" деп жатат. Ары жактан октун үнү тынымсыз угулууда.
Ал эми Бужум айылынын жака-белинде Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылган. Анын ичинде тажик тараптын аткылоосунан улам үйүн таштай качкан кыргызстандыктар болгонун айтышты.