Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

УКМК: тажик тарап фактыларды бурмалап, КРди агрессор көрсөтүүгө аракет кылууда

Тажик тарап чек ара заставаларын гана эмес, мектеп, бала бакча, медициналык пункт, соода түйүндөрүн да талкалап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тарап Кыргызстандын аймагына өзү кирип, кол салганы менен фактыларды бурмалап, биздин өлкөнү агрессор көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тажик аскерлери Кыргызстандын курман болгон чек арачыларынын сөөгүн кордоп, аларды өз кызыкчылыгына колдонуу максатында сүрөт, видеого тартып жатат.
"Тажик тарап биздин мамлекетке каршы саясатынын алкагында фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылуу үчүн бул сүрөт, видеолорду өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө колдонушу ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам УКМК коомчулукту кырдаалга туура баа берип, эки элдин ортосуна ким бүлүк салып жатканын туура баамдоого чакырды. Ошондой эле тажик тарап чек ара заставаларын гана эмес, мектеп, бала бакча, медициналык пункт, соода түйүндөрүн да талкалап жатканын белгиледи.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арадагы чырдан жабыркагандардын саны 55ке жетти. Каза болгондор бар