Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара чырынан улам КР ТИМи тажик тарапка нота тапшырды

Буга чейин министр Жээнбек Кулубаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатактан улам Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нота тапшырганын аталган ведомстводон билдиришти.
Буга чейин министр Жээнбек Кулубаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, министр чек арада жаралган көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин белгилеген.

"Тажик тарап буга чейин сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган", — деп жазылат ТИМдин маалыматында.

Ошондой эле кыргыз тарап Тажикстанга жетишилген макулдашуу талаптарын сактап ок атууну токтотууну, аскерлерин алып кетүүнү талап кылганы айтылды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Бир сантиметр дагы бербейбиз! Чек арадагы кагылышуудан видео