Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары сүйлөштү

Кыргыз тарап чек арада жаралган көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан улам эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, кыргыз тарап чек арада жаралган көйгөйдү саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин белгилеген.
ТИМ башчысы Кулубаев чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн тажикстандык кесиптеши менен дайыма байланышта болуп турары айтылды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Бир сантиметр дагы бербейбиз! Чек арадагы кагылышуудан видео