Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, кайра ок атыла баштады

Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы 16-сентябрь саат 08:25ке карата кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалып, атышуу башталганын кабарлады.
Билдирмеге караганда, тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады.
"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Мындан улам Чек ара кызматынын аскерлери жооп иретинде ок чыгарууда", — деп айтылат маалыматта.
УКМК чек арада чагымчылык көбөйүп баратканын эскертти.
УКМК: Баткенде чек ара жаңжалын тажик тарап тутантты