Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Миномёттун снаряды жолго түшүп, жарылбай турат. Кара-Бак айылынан видео

Снаряд асфальтка сайылып, жарылбай туруп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткен районунун Кара-Бак айылынын чок ортосундагы унаа жолго тажик тарап аткан миномёттун снаряды келип түштү. Бул туурасында жергиликтүү тургун Мырзабек Бекмуратов билдирди.
Анын айтымында, снаряд асфальтка сайылып, жарылбай туруп калган. Тургун Кара-Бак айылындагы атышуу жарым саат мурун басылганын билдирди. Бул жакта жашаган тургундардын баары Баткен шаарына эвакуацияланган. Айыл шаардын борборунан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Бир сантиметр дагы бербейбиз! Чек арадагы кагылышуудан видео