Радио

Жумалиев: эл каттоодон калктын бир пайыздайы өткөн жок

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев эл жана турак жай каттоонун толук жыйынтыгы жыл соңунда чыгарын айтты.
Sputnik
Эки этаптан турган эл жана турак жай каттоонун жыйынтыгы менен учурда кыргызстандыктардын саны 6 миллион 977 миң адамга жеткени аныкталды. Аталган көрсөткүч 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу калктын саны дээрлик 30 пайызга өскөнүн билдирет. Бул тууралуу Зайнидин Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыл соңуна чейин калк жана турак жай каттоо боюнча 130 пункт боюнча жыйынтык чыгарылат.
"БУУнун талаптарына ылайык, бардык мамлекеттерде ар 10 жыл сайын өтүп келүүчү эл жана турак жай каттоонун бул этабы жыйынтыкталды. Анда кыргызстандыктардын саны 7 миллионго чукулдап калганы белгилүү болду. Эми анын канчасы эркек, канчасы аял жана башка критерийлер боюнча санак жүргүзүп чыгабыз. Мындан сырткары, калк катмарынын канчасы компьютер колдоно алат, өлкөдөгү интернетти жайылтуу абалы, элдин жашоо шартынын деңгээли, канчасы миграцияда жүрөт жана башка 130 пункт боюнча жыйынтык чыгарылат. Азыр калк арасында 1 миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт деп айтып калышат. Мунун да так санын ушул эл жана турак жай каттоонун негизинде биле алабыз. Айта кетүүчү жагдай, бир жылдан аз убакыттан бери башка мамлекетте иштеп жүргөн жарандар эмгек мигранты катары эмес, өлкөдө жашап турган жаран катары эле каттоодон өтүшөт. Баарынын так саны жыл соңунда белгилүү болот. Бирок бардык эле өлкөлөрдө эл каттоодон калктын азыраак бөлүгү ар кандай себептерден улам өтпөй каларын айта кетүү керек. Бизде да бул ирет элдин 1 пайыздайы каттоого кирбей калды", — деди Жумалиев.
Ал бул ирет эл каттоого тургундар активдүү катышканын кошумчалады.