Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу Россия ТИМи билдирүү жасады

Россия тарап Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо салып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжалдан улам Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын билдирди.
"Тилекке каршы, эки тарапта тең көз жумгандар, жарадар болгондор бар. Буга байланыштуу каза болгондордун үй-бүлө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ошондой эле эки тарапты тең кырдаалды саясий-дипломатиялык каналга өткөрүү үчүн чукул жана комплекстүү чараларды көрүүгө, үчүнчү тараптардын чагымчыл иштерин токтотууга чакырабыз", — деп жазылат маалыматта.
ТИМ Бишкек жана Душанбе бир нече жолу кыргыз-тажик чек арасынын айрым аймактарында делимитация жана демаркация процесстери бүтпөй жаткандыктан чатак уланып жатканын билдирген.
"Мындан улам өнөктөш мамлекеттерге бардык жардамды көрсөтүүгө даяр экенибизди ырастайбыз. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга "арсеналда" кенен каражат бар экенин эске салабыз", — деп айтылат билдирмеде.
Россиянын ТИМи жаңжалдын курчуп кетпеши жана абалды тезирээк жөнгө салуу үчүн эки мамлекет менен тыгыз байланышта болгон ЖККУнун ортого түшүү аракетин колдой турганын белгилеген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Эки өлкөнүн УКМК башчылары атышууну токтотуу чечимин кабыл алышты