Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Атышуу 1-2 сааттын ичинде токтойт деген ойдобуз. Ташиевдин билдирүүсү

Төрага атайын комиссия түзүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга барып кесиптеши жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болгонун айтып, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

"Азыр эле Тажикстандан чыктым. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Атайын комиссия түзүлүп, "Кызыл-Бел" чек ара заставасында ишти баштады. Бардык жерге атышууну токтотуу боюнча команда берип жатабыз. Элибиз тынчсызданбасын. Ушуга чейин кагылышуулар болду. Эми тез арада, 1-2 сааттын ичинде атышууну толук токтотобуз деген ойдомун", — деген Ташиев.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары бардык чек ара аскерлери түзүмдөрүнө атышууну токтотууга команда берген. Кийинчерээк кыргыз тарап ок атууну токтотконун билдирип, бирок чек аранын айрым жерлеринде тажик чек арачылары кыргыз тарапка дагы эле ок чыгарып жатканын кошумчалашкан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Самаркандда Жапаров менен Рахмон жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашты