Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арадагы кагылышууга байланыштуу Бишкекте митинг өтүүдө. Сүрөт

Нааразычылык акциясына келгендердин арасынан айрымдары шайланып, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн парламенттин имаратына киришти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Чогулгандар кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты токтотууну талап кылышууда.
1 / 4

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өтүп жатат

2 / 4

Чогулгандар кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты токтотууну талап кылышууда

3 / 4

Митингге 100дөй адам чогулуп, тартипке милиция кызматкерлери көз салып турат

4 / 4

Нааразычылык акциясына келгендердин арасынан айрымдары шайланып, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн парламенттин имаратына киришти

Митингге 100дөй адам чогулуп, тартипке милиция кызматкерлери көз салып турат. Нааразычылык акциясына келгендердин арасынан айрымдары шайланып, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн парламенттин имаратына киришти.
Белгилей кетсек, 16-сентябрда таң эрте тажик тарап кыргыз-тажик чек арасынын бардык жагынан Кыргызстандын айылдарын жана чек ара постторун көздөй ок чыгарып башташкан. Мындан улам Баткендин чек арага чукул жайгашкан айылдарынын эли коопсуз аймакка көчүрүлө баштады. Атышуу дагы эле токтой элек. Тажик тарап аскердик оор техникаларды колдонуп жатканы айтылды. Кыргызстандын чек арачылары да жооп иретинде курал-жарак колдонууда. Акыркы маалыматтар боюнча, чек ара чырынан 31 адам жабыркады.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Спорт ордосунда Баткенге гуманитардык жардам чогултула баштады