БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткен облусунун башчысынын орун басары Маруфхан Тулаев "Кабар" агенттиги аркылуу облустагы соңку абал боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, Баткен районунун Самаркандек жана Аксай айыл өкмөттөрүндө кырдаал дагы эле курч. Эки жактын атышууларды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрүнө карабай тажик тарап Миң-Булак, Миң-Өрүк айылдарын аткылоодо.
"Үйлөр өрттөнүп жатат. Лейлектин ылдыйкы зонасында атышуулар токтой элек. Ал жактан жай тургундун баары көчүрүлүп кетип, аскерлер эле калган. Баткен, Лейлек райондорундагы жашоочуларды Кадамжайдагы коопсуз жайларга жайгаштырдык. Ал үчүн Фергана облусунун жетекчилигине чыкканбыз. Алар бизге транзиттик коридор түзүп берип, элди Сох анклавы аркылуу Кадамжайга жеткирдик. Жалпысынан 120 миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлдү", — деди ал.
Тулаевге Ходжаев мектебине тажик аскерлери басып киргени боюнча да суроо берилген. Ал бул маалыматты тастыктап, бирок Аксай айылы менен байланыш жок болгондуктан, ал жактагы абалдан толугураак кабар ала албай жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, айылдагы байланыш жана электр линиялары үзүлгөнүн айтты.