Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткендеги жабыркагандарга кайдан кан тапшырса болору айтылды

Кан тапшырар алдында адам майлуу, куурулган жана сүт азыктарын жебеш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткен облусундагы чырдан жабыркагандарга кан берүүнү каалагандар Республикалык кан борборуна кайрылса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Борбор Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дарегинде жайгашкан. Дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 8:00дөн 14:00гө чейин, ишемби күнү саат 8:00дөн 12:00гө чейин иштейт.
Кан тапшырууну каалагандар жанына паспорт же айдоочулук күбөлүк, болбосо аскердик билетин алып алышы керек. Ошондой эле бул процедуранын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктары сунушталбайт.
Бардык облуста борбордун филиалдары бар экенин кошумчаланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: Тажикстан "Град" реактивдүү системасын колдонууда