Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тарап "Баткен" аэропортунун айланасын, шаардагы объектилерди аткылоодо. Видео

Таратылган видеодо аскер комиссариатынын имараты да өрттөнүп жатканын айтылганын угууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тарап залптык ракета системасы менен Баткендеги аэропорттун айланасын жана шаардагы инфраструктуралык объектилерди аткылап жатат. Бул туурасында Чек ара кызматы билдирди.
Жергиликтүү тургундар жөнөткөн видеодон көрүнүп тургандай, шаардын чок ортосунда жайгашкан военкоматтын имараты күйүп жатат.
Буга чейин Баткендин жашоочулары шаардын ичи да аткыланып жатканын айтышкан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: тажик аскерлери жай тургундарды "тирүү калкан" катары колдонуп жатат