Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тараптын аткылоосунан дагы 13 адам жабыркап, ооруканага түштү

Жаңжалдан жабыркагандардын жалпы саны 31ге жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткендеги чек ара чырынан улам дагы 13 адам жабыркап, облустук бириккен ооруканасына түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жаңжалдан жабыркагандардын жалпы саны 31ге жетти. Алар ар түрдүү жаракат алышкан. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.
Баткен облусундагы бардык саламаттык сактоо уюмдары жана Тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кан жана дары-дармек жетиштүү.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде кайсы жол жабылып, кайсынысы менен элди эвакуациялоого болору айтылды