БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлиги Баткенде кайсы жолдор жабык экенин айтып, кайсы жол аркылуу элди эвакуациялоого болорун тизмектеди.
Жабылган жолдор:
Ош — Баткен — Исфана жолунун 260-чакырымынан 276-чакырымына чейинки бөлүгү жабык. Бул жол Көк-Таш, Миң-Булак айылдары аркылуу өтөт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажик тарап дал ушул жолду көздөй ок чыгарууда;
Ош — Исфана жолунун (272-чакырымы) Орто-Боз айылындагы Төрт-Көчө жолу жабык. Ушул эле жолдун 265-чакырымы да кооптуу болуп турат;
Ош — Исфана жолунун 216,5-чакырымы аркылуу да өткөнгө болбойт;
Баткен — Кызыл-Бел, Баткен — Раут— Каут жолдору чыр-чатактын очогунда болуп, жабылуу коркунучунда.
Ош — Исфана жолунун 211-223-чакырымына чейинки бөлүгү, ушул эле жолдун 265-чакырымы (Кара аймагы) да жабык;
Кызыл-Бел, Баткен — Кара-Бак жолдору да тосулуу;
Лейлек районундагы Кайрагач — Кулунду — Арка жолунун эки тарабы тең, Ош — Исфана жолунун 340-346-чакырымына чейинки бөлүгү аркылуу автоунаалар өтө албай турганы айтылды.
Жергиликтүү элди көчүрүү үчүн Төрт-Көл — Достук, Ак-Сай — Рават, Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай, Көк-Таш — Ак-Терек жолдору ачык.