Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенге Бишкектен медиктер жөнөтүлдү. Жабыркагандардын саны 42ге жетти

Бишкектен Баткенге Улуттук госпиталдан медиктердин үч бригадасы чыгып кеткени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Саат 15:00гө карата Баткен облусунун ооруканаларына чек арадагы жаңжалдан жабыркаган 42 киши түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

"Баткен облустук бириктирилген ооруканада 19, Лейлекте 18 бейтап бар. Жаракат алган дагы беш киши Бишкекке жөнөтүлдү. Кошумча маалымат берилет", — дешти министрликтен.

Бишкектен Баткенге Улуттук госпиталдан медиктердин үч бригадасы чыгып кеткени айтылды. Алардын арасында нейрохирургдар, жалпы хирургдар, кан тамыр хирургдары, анестезиолог-реаниматологдор бар.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ошто мэриянын алдында Баткенге гуманитардык жардам чогултула баштады