Көрсөң ыйлагың келет. Түлөбаев студенттик жатаканалардын абалына кейиди

Депутат ректорлорго кайрылып, студенттердин жашоосуна жакшы шарт түзүп берүүнү талап кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев студенттик жатаканалар каралбай калганын айтып кейиди.
Эл өкүлү андай абалдагы жатаканаларда адам жашаганга мүмкүн болбой турганын белгиледи.
"Университеттердин ректорлору, жатаканаларды оңдобойсуңарбы! Кебетелерин карасаң Советтер Союзунан калган. Студенттердин жашоосун көрсөңүз, ыйлагыңыз келет. Кичине акча бөлүп оңдоп койбойлубу. Студенттерге инвестиция кылбасак өзүбүздүн келечекти кайдан табабыз? Байкуштардын же стипендиясы жетпейт, же жатаканалары жакшы эмес, кудайдан жөө качкандай. Шарт түзүп берип коёлу да", — деди Түлөбаев.
Аны менен катар эле Эльвира Сурабалдиева студенттердин стипендиясына акча кошууну сунуштады.
Студент, мугалимдерден акча чогулткан деп Талас МУнун ректору кармалды. Видео