Теңиз Бөлтүрүк эки айга камакка алынды

Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгогон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк эки айга камакка алынганын Бишкек шаардык соту кабарлады.
Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы бүгүн Октябрь райондук сотунда каралды. Чечимге ылайык, ал 2022-жылдын 10-ноябрына чейин камакта болот.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгени айтылган.
Андан мурун Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди аныктап, компания жетекчиси Теңиз Бөлүтүрүк менен финансы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген.
Ал эми 13-сентябрь күнү Теңиз Бөлтүрүк кармалган болчу.
"Кумтөргө" Бөлтүрүктүн ордуна жаңы жетекчи дайындалды