Радио

Байдалиев: быйыл күздүк себүүгө Россиядан буудайдын 4 сорту келет

Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин үрөндү сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Дамир Байдалиев күздүк айдап-себүүгө Россия Федерациясынан 1 700 тонна сертификатталган буудай үрөнү келгенин айтты.
Sputnik
Быйыл күздүк себүүгө жалпысынан 37,3 тонна буудай, 2 400 тонна арпа керектелет. Учурда буудайдын 34,2 пайызы, арпаныкы 2,2 пайызы чогултулду. Бул тууралуу Дамир Байдалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, күздүк себүүнүн үрөнүн даярдоо ушул күнгө карата 91,5 пайызга аткарылды.
"Күздүк айдап-себүүгө буудай, арпа үрөндөрүн даярдоо иштери алгылыктуу жүрүүдө. Жалпысынан иш ушул күнгө карата 91,5 пайызга аткарылып бүттү. Быйыл күздүк үрөнгө Россия Федерациясынан жалпысынан үч тонна сертификатталган буудайдын келиши күтүлүүдө. Учурда анын 1 700 тоннасы келип түштү. Бул жогорку түшүм бере турган сорттогу үрөндөр. Үрөн чарбаларынан сырткары жеке фермерлерге да берилет. Жаздык себүүдө мына ушундай сертификатталган буудайды айдаган дыйкандар гектарынан 35-40 центнерге чейин түшүм алышты", — деди Байдалиев.
Ал Россиядан, мындан сырткары, арпанын үрөнү да келерин кошумчалады.