Россия менен Кытай Тынч океанында биргелешкен күзөт уюштурду

Мындай күзөт биринчи ирет 2021-жылдын 17-23-октябрында ишке ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Россия менен Кытайдын Аскер-деңиз флоттору Тынч океандын акваториясын биргелешип күзөтүүдө. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянып РИА Новости жазды.
"Эл аралык аскердик кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында Россия менен Кытайдын аскердик кемелери Тынч океанынын акваториясында экинчи ирет күзөт уюштурду", — деп жазылат билдирүүдө.
Россия жана Кытайдын экипаждары биргелешип тактикалык маневр жасоо чеберчилигин арттырып, кемелер ортосундагы байланышты жакшыртып, артиллериядан бир нече ирет ок атышат. Мындан тышкары, палубадан тик учактардын абага көтөрүлүшүн сынап көрүшөрү айтылды.
Биргелешкен күзөттүн максаты — Россия менен Кытайдын ортосундагы аскер-деңиз кызматташуусун бекемдөө, Азия — Тынч океандын чөлкөмүндөгү тынчтык менен туруктуулукту камсыздоо, деңиз акваториясына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Россия менен Кытайдын деңиздеги соода жүргүзүү объектилерин коргоо.
Мындай күзөт биринчи ирет 2021-жылдын 17-23-октябрында ишке ашкан. Анда орус-кытай тобу Сангар куймасынан өтүп, моряктар үчүн машыгуу уюштурулган. Кемелер жалпы жонунан 17,7 миль аралыкты сүзүп өтүшкөн болчу.
Кытай басылмасы: дүйнө Россиянын дараметин баамдабай жатат