Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия "Искандерди" атайын операцияда кандай колдонуп жатканын көрсөттү. Видео

Видеону Россиянын Коргонуу министрлиги жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ыкчам-тактикалык "Искандер" ракеталык комплекси Батыш аскердик округунда түндө кандай иштей турганы көрсөтүлдү.
Видеону Россиянын Коргонуу министрлиги жарыялап, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктуралык объектилерине карата колдонулганын билдирди.
"Искандер" комплекси — 500 чакырым алысты таамай атууга ылайыкталган курал. Ракетанын согуштук максатта бардык бутаны: каршылаштын командалык пунктун, техникалар колоннасын, абадан коргонуу комплексин талкалай алат.
"Искандердин" арсеналында баллистикалык да, канаттуу ракеталары да бар. Ал каршылаштарды алаксытып, жалган электрондук тоскоолдуктарды жаратып, абадан коргонуу системасына илинбейт. Канаттуу ракеталар анча бийикке көтөрүлбөй учуп, тилкенин рельефин айланып өтө алат. Аны аңдуу мүмкүн эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги: Балаклея менен Изюмдан аскерлер топтоштурулду