Путин ШКУ саммитине катышуу үчүн Самаркандга келди

Путиндин Кыргызстан, Кытай, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Монголия, Түркиянын жетекчилери менен эки тараптуу жолуга тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Самарканд шаарында өтө турган ШКУнун саммитине келди. Ал жерде мамлекет башчылары эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Саммит 15-16-сентябрда өтөт. Аталган иш-чарада бир топ маселелер талкууланат. Алар: коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулук жаатындагы уюмдун мүмкүнчүлүктөрү, экономикалык байланыштарды бекемдөө, транспорттук өз ара байланыштарды, ШКУнун алкагында маданий-гуманитардык алаканы чыңдоо.
Путиндин Кыргызстан, Кытай, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Монголия, Түркиянын жетекчилери менен эки тараптуу жолуга тургандыгы айтылды.
РИА Новостиге Анкарадагы дипломатиялык өкүл Россия лидеринин президент Режеп Тайип Эрдоган менен россиялык газды сатуу туурасында сүйлөшөрүн билдирген. Көгүлтүр от үчүн төлөмдү рубль жана лира менен төлөө да талкууланарын кошумчалаган.
ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кытай, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирген. Афганистан, Беларусь, Иран менен Монголия байкоочу болсо, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш мамлекет катары катталган.
2021-жылы сентябрда ШКУнун Душанбедеги саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу процедурасы, Египет, Катар жана Сауд Аравиясына диалогдо өнөктөш макамын берүү кадамы башталган. Быйыл Беларусь ШКУга толук укуктуу мүчө катары кирүүгө арыз берген.
Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына келди. Сүрөт