SIM-карта, антенна жокто да иштейт. Кырсык катталса кайсы номерге чалуу керек

ӨКМ ыкчам кызматтардын бардыгын камтыган бирдиктүү номер бар экенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык катталганда 112 номерине чалуу керектигин эскертти.
Бул номер менен уюлдук телефондун SIM-картасы жокто, ошондой эле антеннасы чыкпаган учурда да байланышка чыкса боло турганы белгиленди.
Кыска номерге Кыргызстандын аймагынан акысыз жана күнү-түнү чалууга болот.
112 бирдиктүү түйүнү төмөнкү кызматтарды камтыйт:
101 — өрт өчүрүү кызматы;
102 — милиция;
103 — медициналык жардам кызматы;
104 — газ авариялык кызматы;
161 — куткаруу кызматы.
Градусник сынса эмне кылуу керек? ӨКМ пайдалуу кеңештер менен бөлүштү