Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда 4 документ кабыл алынды

Учурда Өзбекстандын Самарканд шаарында ШКУнун саммити өтүп жатат. Президенттер аталган иш-чаранын алкагында жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Самарканддагы жолугушуусунда бир катар документтер кабыл алынганын айтып, аларды тизмектеди.
Эске салсак, учурда Өзбекстандын Самарканд шаарында ШКУнун саммити өтүп жатат. Кыргызстан менен Кытай башчылары анын алкагында эки тарапту жолугушуу өткөргөн.
Кабыл алынган документтер:
Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Кытайдын Бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстандын ирригациялык системасын реконструкциялоо" № 1 лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.
Садыр Жапаров Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолукту. Козголгон маселелер