Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кыргызстандыктарды Россия атайын операцияга азгыруудабы? КР бийлиги төгүндөдү

Социалдык тармакка Украинанын Башкы чалгын кызматынын маалыматы тарады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кыргызстандыктарды Донбассты коргоо боюнча Россиянын атайын операциясына азгырып жатат деген маалыматтардын жалган экендигин билдирет.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинен да бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айтты.
Интернетке Украинанын чалгын боюнча башкы кызматынын Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын атайын операцияга азгыруу кампаниясы жүрүп жатат деген маалымат тараган. Бишкектеги аскер училищесинин курсанттарынын мессенжер чатында Россиянын Коргоо министрлиги же жеке аскер компаниясы менен кызмат өтөөгө келишим түзүү боюнча жарыя жүрөт дешкен.
Мындай жарыяларды чатка башка күч түзүмдөрү да салып коюшу ыктымал деген маанайда да айтышкан.
Захарова: Батыш МАГАТЭ миссиясы тууралуу жалган маалымат таратуу менен алек