Дүйнө чемпионатынан кайткан кыргызстандык балбандарды тосуп алуунун видеосу

Спортчулар аэропорттон эле маалымат жыйын өткөрүп, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келди.
Алардын арасында дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков (алтын) жана коло медаль алган Амантур Исмаилов да бар. Спортчуларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, журналисттер, туугандары жана күйөрмандары салтанатуу тосуп алган. Андан соң спортчулар маалымат жыйын өткөрүп, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Эске салсак, спортчулардын арты менен Кыргызстан дүйнөлүк чемпионатта командалык эсеп боюнча 4-орунга ээ болду.
Жеңериме ишенгем, баарыңарды сүйөм! Жоламандын жеңиштен кийинки видеомаеги