"Кумтөр" иши боюнча мурдагы аткаруучу директор Курмановго издөө жарыяланды

Прокуратура шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу") боюнча иш козго,п тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.
Ага ылайык, аталган укук коргоо органынын тергөө башкармалыгы "Кумтөрдөгү" коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Курмановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу") боюнча иш козголгон. Сот аны камакка алууга уруксат берген.
Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
Буга чейин "Кумтөр голд компани" компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк эки айга камакка алынганы айтылган.
Теңиз Бөлтүрүк эки айга камакка алынды