БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. УКМК атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык кызматтык автоунаанын жол кырсыгына кабылганы боюнча түшүндүрмө берди.
Буга чейин социалдык тармакта Камчыбек Ташиевге тиешелүү унаа скутерди жөөлөп кеткен видео талкууга түшкөн.
"Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу "Манас" аэропортунан Бишкекке келе жатканы белгилүү болду. Унаа Бишкек шаарынын тургунунун скутерин жөөлөп кеткен. Бардыгы тынчтык жолу менен чечилди. Жабыркагандар жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаты бар", — деп жазылат маалыматта.
Мекеменин маалымат кызматы скутердин айдоочусу Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин кошумчалаган.