Эрназар Акматалиев дүйнө биринчилигинде жарым финалда утулуп калды

Ата мекендик спортчу буга чейин эки каршылашын жеңип, жарым финалда япониялык балбанга утулуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жарым финалда утулуп калды.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү буга чейинки эки каршылашын утуп, жарым финалда япониялык Таиши Нарикуниге 10:11 эсебинде жеңилип калды.
Спортчу эртең коло медаль үчүн күч сынашат. Азырынча анын атаандашы ким боло турганы белгисиз.
Жеңериме ишенгем, баарыңарды сүйөм! Жоламандын жеңиштен кийинки видеомаеги