Күн кайра ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Синоптиктер Кыргызстанда ишемби, жекшемби күндөрү күндүн эң жогорку температурасы 33 градуска чейин чыгарын билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала маалыматтарга таянып кабарлады.
Апта аягында тоолуу райондорго гана жамгыр жаабаса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 27 ... 29, ал эми Ош шаарында 30...33 градуска көтөрүлөрүн айтышты.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө 17-18-сентябрда түнкүсүн жамгыр жаашы ыктымал. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 24...29 градуска чейин ысышы мүмкүн. Таласта 18-сентябрда тоолуу аймактарына жамгыр жаашы ыктымал. Негизинен күн жылуу болуп, абанын температурасы 25...27 градус ысыйт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Дем алыш күндөрү өлкөнүн түштүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 28...33 градуска чейин ысык болорун айтышты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Ысык-Көлдө 17-сентябрда жамгыр жаабайт, 18-сентябрда айрым аймактарында өткүн өтүшү күтүлүүдө. Күндүн табы 21...26 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Нарында 17-сентябрда тоолуу аймактарына жамгыр жааса, 18-сентябрда күндүз бардык жеринде өткүн өтүшү мүмкүн. Термометр 22...27 градусту көрсөтмөкчү.
Жалал-Абадда күндүн табы 35 градуска чейин көтөрүлөт. Бир апталык аба ырайы