Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

Эки тарап тең аскер күчтөрү менен техникаларын мурдагы жайгашкан жерине алып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, түндө ок атышуу катталган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, түн ичинде эки тарап тең аскер күчтөрү менен техникаларын мурдагы жайгашкан жерине алып кетишкен.
"Эки өлкөнүн чек арачылары менен райондук милиция бөлүмдөрү чек ара аймактарында кайгуул-күзөт иштерин жүргүзгөн", — деп жазылат маалыматта.
Тараптардын чек ара бөлүктөрү такталбаган тилкелерге жайгаштырылбаганы айтылды.
Эске салсак, 14-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу алгач Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатак оту Как-Сайда, кийин Паскы-Арык аймагында жанган. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алган. Андан соң "Самаркандек" заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жегени, кийинчерээк 11 жаштагы бала жарадар болгону айтылган.
Министрлик: кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта 11 жаштагы бала жарадар болду