Радио

Кененбаева: Бишкекте өткөн Кыргыз-Россия IT форуму алаканы жакшыртат

"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева Бишкекте Кыргыз-Россия IT форуму өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Казакстандын адистери катышканын айтты.
Sputnik
IT-форум маалыматтык технологиялар тармагында кызматташуу, талкуу жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болду. Бул тууралуу Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, форумда санарип экономиканын шартындагы интеграция талкууланып, көйгөйлүү маселелер да көтөрүлдү.
"9-сентябрда Бишкекте Кыргыз-Россия IT форуму өтүп, санарип экономиканын шартындагы интеграция маселелери жана санариптештирүү шартында IT-кадрларды даярдоо маселелери боюнча бир катар тематикалык секциялар өткөрүлдү. Бул маалыматтык технология тармагында кызматташуу, талкуу жана тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болду. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Казакстандын ушул тармактагы компания өкүлдөрү, эксперттер катышты. Мындай форум өлкөлөр аралык алаканы жакшыртып, ири долбоорлорду ишке ашырууда көпүрө болот", — деди Кененбаева.
Ошондой эле адис форумдун алкагында "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз-Россия Славян университетинин ортосунда билим берүүчү программаларды өнүктүрүү боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлганын кошумчалады.