Мэрия жол кирени дагы жогорулатууну демилгелеп чыкты

Калаа бийлигинин пикиринде, эгер жол кире акысы жогоруласа, транспорттук ишканалардын экономикалык абалы, автоунаалардын каттамы, айдоочулардын социалдык абалы жакшырат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Калаа бийлиги коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу маалымат мэриянын расмий сайтына жарыяланды.
Муниципалитет укуктук-нормативдик акт иштеп чыгып коомчулукка жарыялады. Документте учурдагы жол кире акысы автоунааларды эксплуатациялоого жетпей жаткандыгы жазылган.
"Бул жагдай техникалык каражаттарды оңдоого, нормалык мөөнөтү боюнча өз убагында дөңгөлөктөрүн алмаштырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат", — деп жазылат документте.
Ошондой эле чыгым акталбагандыктан тейлөөнү жакшыртууга мүмкүн болбой жаткандыгы айтылат.
Мындан улам калаа бийлиги эгер жол кире акысы жогоруласа, транспорттук ишканалардын экономикалык абалы, автоунаалардын каттамы, айдоочулардын социалдык абалы жакшырмак деген пикирде.
"Бишкек жарыктын" жетекчилиги толугу менен иштен бошотулду