Ыр менен мыйзамдын айырмасы чоң. Бекешев менен Самыйкожонун талашы видеодо

Парламентте мугалимдерди мазактаган окуучулардын ата-энелерине айып салуу мыйзам долбоору талкууланып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ыр менен мыйзам жазгандын айырмасы өтө чоң. Сиздин демилгеңиз юридикалык тил менен айтканда Конституцияга каршы келүүдө. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кесиптеши Мирлан Самыйкожого айтты.
Эл өкүлү да ага дароо эле жооп берди.
"Канчалаган мыйзамдар жазылып, жарымы иштесе, жарымы иштебей турат. Бирок атам замандан бери ыр менен жазылган-жазылбаган мыйзамдар жашап келе жатпайбы. Ошону силерге жетсе экен деген тейде айтып жатабыз. Ар бир адам мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп берет", — деди Самыйкожо.
Парламентте мугалимдерди мазактап, кагып-силккен окуучулардын ата-энелерине айып салуу мыйзам долбоору талкууланды. Аны Мирлан Самыйкожо демилгелеген.
Эки депутат Райым миллиондун таламын талашып айтыша кетти. Видео