Депутат Баткенде элди коргоо үчүн эки жолду тез арада куруу керектигин айтты

Депутат элди ыкчам эвакуациялап кетүү үчүн Төрт-Көчө тилкесинин ары жагына ӨКМдин бөлүмүн ачуу зарылчылыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев Баткенде чек ара тилкелеринде жашаган элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн Ак-Сай — Рават жана Айгүл-Таш — Согмент жолдорун куруу керектигин билдирди.
"Ак-Сай — Раватта азыркы аба ырайында жолдун жаман экенине карабай качып өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эртең кышында дагы чыр-чатак чыгып кетсе ошол эле Ак-Сайдын эли чыга албай өзүнчө аралчада калып кетет. Ал жол кышында жүргөнгө жараксыз. Айгүл-Таш — Согмент жолунда дагы ушундай эле абал. Өкмөт анча-мынча башка маселелерди 2-3-орунга коюп, ушул маселелерди тез арада чечиш керек", — деди Ражабалиев.
Аны менен катар чек арада чыр чыкканда элди ыкчам эвакуациялап кетүү үчүн Төрт-Көчө тилкесинин ары жагына ӨКМдин бөлүмүн ачуу зарылчылыгын айтты.
"Жылдын башында Өзгөчө кырдаалдар министрине кайрылсак, эвакуацияга жардам болсун Төрт-Көчөнүн ары жагына 120 штаттык бирдик менен бөлүм ачабыз деди эле. Кайра сурасам, каражат жетпегендиктен ачылбай турат дейт. Өкмөт ушуга каражат таап берсин, элдин коопсуздугу биринчи маселе болуп атпайбы. Жаңжал башталганда ӨКМ шаардан чыгып барганга жетишпей калууда", — деди депутат.
Ташиев: кыргыз-тажик чек арасында бизге беш жерден чабуул жасалды