Радио

Афтандилова: 2013-жылдан бери РФ мектепке ысык тамакка 20 млн. доллар бөлдү

Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы иштеп чыккан "Мектептеги тамак-ашты оптималдаштыруу" программасынын адиси Аида Афтандилова канча мектеп ысык тамак менен камсыздалганын жана Россия кандай жардам берип жатканы тууралуу айтып берди.
Sputnik
2013-жылдан бери Кыргызстандын 800дөн ашык мектеби Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан иштелип чыккан долбоордун алкагында ысык тамак менен камсыз болду. Программанын негизги донору Россия ушул убакытка чейин 20 миллион доллардан ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу Аида Афтандилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын башталгыч класстарынын окуучулары үчүн күнүнө ысык тамакка 35 сом керектелет. Ал эми учурда өкмөт ар бир балага 7-14 сом бөлөт.
"Кыргызстандагы мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизги донору РФ болуп саналат. Ага ылайык, мектептерге сапаттуу ашкана жабдыктары берилип, эки жылдан кем эмес убакытта башынан аягына чейин техникалык жана маалыматтык жактан колдоо көрсөтүлөт. Ушул жылдын аягына чейин дагы 49 мектепти ысык тамак менен камсыз кылуу пландалууда. Программага кошулган мектептин ар бир окуучусуна күнүнө 60 граммдан туура келе тургандай кылып жаңы бышырылган нан жасоо үчүн байытылган ун берилет. Андан тышкары, программага ылайык, инженердик баалоо иштери жүргүзүлүп, ашпозчулар окутулуп, мектептин ашканасын иштетүү боюнча сунуштар айтылат", — деди Афтандилова.
Ал адистер тамактануунун сапатын жогорулатуу үчүн беш-алты жыл мектеп ашканасын көзөмөлдөй турганын, андан кийин гана мониторинг жүргүзүү Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берилерин кошумчалады.