БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон Жоламан Шаршенбековду куттуктады.
"Намыска жарадың, Жоламан баатыр, азаматсың! Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң. Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ. Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм. Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу", — деп жазган мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалда атаандашы болгариялык спортчу Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.
60 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде, 1/4 финалда АКШлык Илдар Хафизовду 4:0 упай менен жеңген. Кийин казакстандык Айдос Султангали менен кез келип, аны 7:0 упай эсебинде уткан. Кыргызстандын эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиону чыга элек болчу. Эми Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков алтын утуп, тарых жаратышты.