Жапаров билим берүү тармагына жумшалган каражат канчага көбөйөрүн ачыктады

Жапаров билим берүүгө салынган бир доллар улуттук экономикага 16-17 долларга чейин киреше берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кийинки жылы билим берүү тармагына жумшала турган каражат 64 миллиард сомго жогорулайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ректорлордун Бишкекте өтүп жаткан дүйнөлүк форумунда билдирди.
"Азыр мугалимдердин айлыгы башка тармактагылардыкынан жогору. 2022-жылы билим берүүгө 47 миллиард сом бөлүнсө, кийинки жылы 64 миллиард сомдон ашуун каражат сарптоо пландалып жатат", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы өлкө билим берүүгө канчалык көп инвестиция салса, кайтарымы ошончолук жогору болорун белгилеген.
"Изилдөөлөр билим берүүгө салынган кошумча бир доллар улуттук экономикага 16-17 доллар көлөмүндө киреше киргизерин көрсөттү. Жаш республика катары биз өз келечегибизге салым кылып жатабыз. Бирок дүйнө экономисттеринин эсеби азыр башка. Экономикалык өнүгүү корогон каражат менен эмес, жыйынтык менен, башкача айтканда, коомчулуктун окутулуп-үйрөтүлгөнү менен өлчөнөт. Анын бир пайызга көбөйүшү жылдык ИДПны 7,2 пайызга жогорулатат", — деди Жапаров.
Ал Кыргызстан экономикасынын өсүү темпи 8 пайыздын деңгээлинде экенине токтолду.
"Эгер университеттер жана жалпы билим берүү системасы билим берүүнүн бир пайыздык көрсөткүчүн камсыздаса, ИДП 15 пайызга жогоруламак. Биз ушуга умтулабыз", — деди өкмөт башчы.
Акылбек Жапаров өлкө чет элдик студенттерден жылына канча пайда көрөрүн айтты