БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын лидери Си Цзиньпинди Нур-Султандын аэропортунан өзү тосуп алды. Жолугушуунун видеосу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.
Кытай лидери коңшу өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген. Сыйлуу конокту тосуп алуу үчүн аэропортко атайын Ардак кароол уюштурулуп, андан соң анын кортежи Ак ордого жөнөгөн.
Эки өлкөнүн лидерлери казак-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн ар тараптан бекемдөөнүн келечегин талкуулашмакчы. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюла турганы айтылды. Бул – кытай лидеринин коронавирус пандемиясынан кийинки алгачкы иш сапары.