ИИМ: Руслан Бекназаров "Хизбут-Тахрир" уюмуна үндөгөн деп суракка чакырылды

Буга чейин Бекназаровдун кармалганы тууралуу кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча суракка чакыртылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатканы белгиленди.

"Facebook* социалдык тармагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды таратып жаткан аккаунт аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаровдун кармалганы кабарланган. ИИМ расмий билдирүүсүндө суракка гана чакыртылганын айткан. Аталган орган кийинчерээк, сурактан кийин анын кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди.
* Meta ишмердүүлүгүнө (Facebook жана Instagram) Россияда тыюу салынган.
Теңиз Бөлтүрүк кармалды