АКШ: Россиянын Украинада да, андан тыш да колдоно турган аскер күчү эбегейсиз

Кирби Путиндин карамагында Украинадан тышкары да колдоно турган аскерий мүмкүнчүлүгү кеңири экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россия украиналык кампаниянын "кыйынчылыгына" карабай азыркы согуштук аракеттердин театрында да, андан тыш да колдоно турган ири жана абдан кубаттуу аскер күчүнө ээ. Бул тууралуу АКШнын улуттук коопсуздук кеңешиндеги стратегиялык коммуникациялар боюнча координатор Жон Кирби айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россия бир топ тоскоолдукка тушукса да ушу тапта "ири жана өтө кубаттуу аскер күчү бойдон калууда".
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан.
Кудум байыркы империя кыйрагандай... Европанын азыркы тагдыры