Пробация департаменти жаңы түзүлгөндө кыйынчылыктар көп болду. Негизги иштер аймактарда жүргөндүктөн кадрдык, административдик имараттар боюнча көйгөйлөр жаралды. Учурда мындай маселе жок. Жыл сайын 40 штаттык бирдик кошулууда. Бул тууралуу Данияр Молдокул уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда аталган департаментте каттоодо 19 миңдей адам турат.
"Пробация департаменти өлкөдө 2019-жылдан тарта иштеп келет. Алгач Жаза аткаруу мекемесинин алдында ачылып, кийин Юстиция министрлигине өткөрүлгөн. Башында кадрдык көйгөйлөр абдан курч болду, штатты кеңейтүүнү пландап жатканда пандемия башталып кетти. Ошентсе да иш жолго коюлуп, кардарлар менен тыгыз иштешип жатабыз. Азыркы кезде психологдордун, анын ичинде кыргыз тилдүү психологдордун жетишсиздиги бар. Бизге оор эмес кылмыш жасагандар, майыптар, аялдар, өспүрүмдөр кардар болушат. Ошондой эле азыркы мыйзамдарга ылайык кылмыш жазасына тартылгандар менен да иштейбиз. Алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылган болсо бизге кардар боло алат. Ошол эле учурда жашы жете электерди зордуктоо, коррупция, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу беренелер менен абакка кесилгендер бизге кардар боло албайт", — деди Молдокул уулу.
Ал Пробация департаментинде үч аймак аралык, төрт облустук башкармалыктар жана 50 райондук бөлүм иш алып барарын кошумчалады.