БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган студенттердин 30 пайызы чет элдиктер. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ректорлордун дүйнөлүк форумунда билдирди.
Форумдун темасы "Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу" деп аталат.
"Студенттердин 30,5 пайызы, тагыраагы, 70 524ү чет элдик жарандар", — деген Жапаров.
Анын айтымында, алардын көбү Индия, Пакистан жана Өзбекстандан келип, басымдуу бөлүгү медициналык багытта билим алышат. Жапаров жогорку окуу жайлар бул мамлекеттен келген студенттерден орточо эсеп менен жылына 5 миллиард сом пайда көрөрүн кошумчалаган.