Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кыргызстандык эки жоокер жаракат алды

Чек арачыларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Баткендин Булак-Башы аймагындагы кыргыз-тажик чек ара чырында Кыргызстан тараптан эки жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматы соңку маалыматында айтты.

"Миномёттун снаряды жарылганда анын сыныктары денесин чийип өтүп, бир чек арачы жеңил жараат алган. Экинчи жоокер контузия болгон", — деп айтышты.

Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды. Дарыгерлер жоокерлердин абалын канааттандырарлык деп баалоодо.
Кыргыз-тажик чек арасында абал курч. Тажик тарап улам ок чыгарууда