Тажик тарап заставага ок чыгарып, үчүнчү тилкеде атышуу башталды

Кыргыз аскерлери ага жооп иретинде курал колдонгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын үчүнчү жеринде атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 15:08де тажик чек арачылары Баткен районунун Паскы-Арык тилкесиндеги Кыргызстандын "Самаркандек" чек ара заставасын аткылаган.
Кыргыз аскерлери ага жооп иретинде ок атышкан.
Ушуну менен үчүнчү тилкеде атышуу катталды. Эртең менентен бери Булак-Башы жана Как-Сай аймактарында атышуу болуп, кайра токтогон.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода менен жолукту. Алар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте окуя катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кыргызстандык эки жоокер жаракат алды