Паскы-Арыктагы атышуу токтоду. Эки тараптын сүйлөшүүсү ушул жерде уланат

Саат 16:00гө карата чек арада абал курч бойдон калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын Паскы-Арык тилкесиндеги ок атышуу токтогонун маалымдап, эки мамлекеттин Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүнү дал ушул аймакта уланта турганын белгиледи.
Билдирмеге караганда, саат 16:00гө карата чек арада абал курч бойдон калууда. Абалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү улам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эми алар сүйлөшүүнү Паскы-Арыкта улантышат.
Алар атышуунун жагдайын тактоо максатында чыр болгон жерлерди кыдырып жатканы кошумчаланды. ӨКМ чек арага жакын жашаган аймактардын элинин коопсуздугу көзөмөлдө экенин айтып, аларды эвакуациялоо тууралуу буйрук келбегенин билдирди. Зарылчылык жаралса алып чыгып кетүүгө даяр турушат.
Эртең менентен бери Баткендин Булак-Башы, Как-Сай жана Паскы-Арык аймактарында атышуу болду. Кыргыз тараптан эки жоокердин жараат алганы айтылды.
Чек ара боюнча жалган маалымат таратуудан этият болгула! УКМК эскертти