ДССУ: Коронавируска чалдыккан аялдар эркектерге караганда көбүрөөк ооруп жатат

Пандемия башталган эки жылдын аралыгында Европада 17 миллион адамдын оорусу узакка созулган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Коронавируска кабылган аялдардын оорусу эркектерге караганда эки эсе көпкө созулду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүндө жазылат.
"COVID-19га чалдыгып ооруканага жаткыруу талап кылынган оор абалдагы адамдарда тобокелчилик өтө жогору. Ошону менен катар ар бир үчүнчү аял жана ар бир бешинчи эркек коронавирустун узакка созулган формасына кептелишет", — деп айтылат маалыматта.
Изилдөөгө ылайык, пандемия башталган эки жылдын аралыгында Европанын 53 өлкөсүндө 17 миллион адамда коронавирустун симптому көпкө созулуп, үч айга чейин ооруган.
Аны менен катар ДССУ деми кысылуу, эс тутуму начарлоо, ишке жөндөмдүүлүгү солгундоо коронавирустун орто жана узак мөөнөттү кесепетинен кабар берерин эскертти.
Дүйнөдө COVID-19дан көз жумгандар азаюуда. ДССУнун билдирүүсү